28.01.2019 16:04

Экс-мэрдин партиялаштары: А.Ибраимовго карата козголгон кылмыш иши - бул саясий куугунтук. Элдер анын күнөөлүү эмес экенин түшүнүп эле турат

Экс-мэрдин партиялаштары: А.Ибраимовго карата козголгон кылмыш иши - бул саясий куугунтук. Элдер анын күнөөлүү эмес экенин түшүнүп эле турат

Албек Ибраимовго карата козголгон кылмыш иши - бул саясий куугунтук. Элдер анын күнөөлүү эмес экенин түшүнүп эле турат.  Бул туурасында Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун тарапташтары Октябрь райондук сотунун имаратынын алдында чогулганда билдиришти.

Бүгүн бул жерде сот процесси белгиленген болчу. Чогулгандар белгилегендей, Албек Ибраимов шаар башчысы кызматында турган кезде өз өлкөсүнүн, элинин жыргалчылыгы үчүн ак ниети менен иштеген. 

Ошондой эле, алар экс-мэрдин ишин кароону Биринчи Май райсотунан Октябрь райондук сотуна которуп коюшканына түшүнбөй жаткандарын белгилешти. 

«Биз партиялаштарыбыз болуп, тергөөнүн жүрүшүнө жана сот процессине башынан баштап көз салып келе жатабыз. Эмне үчүн Октябрь райондук сотуна которуп коюштканы бизге табышмак. Бул сурообузга жадакалса сот өзү да жооп бере алган жок», - деп билдирди КСДП мүчөсү Эрмек Окенов.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-январда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун сот отуруму болмок. Айыпталуучунун жактоочулары сотко келбей калгандыктан, отуруму 30-январга жылдырылды.